08:41, 09 августа 2018, 24.kg

Эл аралык компания Кыргызстандагы көмүскө экономиканы изилдейт

Экономика министрлиги Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосунда Кыргызстандагы көмүскө экономиканын масштабын иликтейт.

Министрлик кабарлагандай, изилдөө жүргүзүү укугу тендерде утуп чыккан эл аралык «Pricewaterhause Coopers LLP» компаниясына тийди.

Эксперттер көмүскө экономиканын негизги себептерин иликтеп, аны азайтуунун жолдорун сунуш кылышат. Анын жыйынтыгы менен Экономика министрлиги 2019-2020-жылдарга карата иш мерчемин түзүп чыгат.

Министрлик көмүскө экономиканын көлөмү дагы эле чоң экенин белгилейт. Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2015-жылы экономиканын көмүскө бөлүгү 23,8 пайызды түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18