14:55, 08 августа 2018, 24.kg

Александр Кимдин ишин Биринчи Май райондук соту карайт

«Вечерний Бишкек» басма үйүнүн мурунку кожоюну Александр Кимдин иши жаңы пайда болгон жагдайга байланыштуу биринчи инстанцияга жиберилди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Тимур Султанов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаардык сотунун коллегиясы кабыл алды.

«Буга чейин Александр Ким жаңы пайда болгон жагдайларга байланыштуу, «Вечерний Бишкектин» иши боюнча актыны кайра карап чыгуу үчүн сотко кайрылган. Анын өтүнүчү кабыл алынып, эми ишти Биринчи Май райондук соту карайт», — деди Тимур Султанов.

Эске салсак, Александр Кимге кызмат абалынан пайдаланды деген кине коюлуп, 6 жылга эркинен ажырытуу чечими чыгарылган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18