09:58, 08 августа 2018, 24.kg

Өзбекстанда зомбулукка айыпталган балдар үйүнүн кызматкерлери соттолду

Өзбекстандын Фергана облустук соту Маргилан калаасындагы жетим балдар үйүнүн мурдагы директору жана кызматкерлерине карата өкүм чыгарды.

№ 1 балдар үйүнүн мурдагы директору Камол Якубов жана анын орун басары Собиржон Усманов шалаакылык, мамлекеттин акчасын уурдоо, аялдарды аборт жасатууга мажбурлоо беренелери боюнча айыптуу деп табылып, төрт жылга соттолушту.

Бул кылмыш иши боюнча жалпысынан Маргиландагы № 1 балдар үйүнүн мурдагы он кызматкерине карата өкүм чыкты.

Маалыматтарга караганда, тарбиячылар жана фельдшер 3 жаштан 7 жашка чейинки балдарды дайыма сабап турган. Мындан тышкары боюна бүтүп калган жашы жете элек өспүрүм кызды медайым аборт жасатууга мажбурлаган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18