Кыргыз Республикасынын эл артисти Турсун Уралиев дүйнөдөн өттү
Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында жарык дүйнөгө келген. 1957-жылы Ташкенттеги Н. Островский атындагы театралдык институтту ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.
Өз убагында Турсун Уралиев атактуу Саякбай Каралаевдин үнүн радиого түшүргөн эң алгачкы режиссер. Ал «Манас» эпосун сактап жайылтууга эбегейсиз салым кошуп, анын миллиондогон саптарын атактуу манасчынын аткаруусунда жазып, ысмын түбөлүккө калтырды. Ошондой эле кыргыз жазуучулары Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Касымалы Жантошев, Чынгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбеков жана башка белгилүү инсандардын чыгармаларын кыргыз радиосу аркылуу чагылдырууда баа жеткис чоң иш жасады.
Маалымат: Маркум менен коштошуу аземи 8-августта Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациянын алдында өтөт.