Балыкчыда «милиционерлерге ок атты» деп шектелгендер кармалды
Балыкчы шаарында «милиция кызматкерлерине ок атты» деп шек саналгандар кармалды. Ысык-Көл облустук ишки иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов «Азаттыкка» билдиргендей, окуя 6-августта түнкү саат он бир жарымга жакын болгон.
Жергиликтүү тургундар милицияга телефон чалып, көчөдө топтошкон жигиттер жаңжалдашып жатканын, октун үнү угулганын билдиришкен.
Тартип сакчылары да аларга каршы табелдик курал менен ок атып, шектүүлөрдүн экөө кармалган. Бири Тоң районунун, экинчиси Балыкчы шаарынын 20 жаштагы тургундары. Алардан ИЖ-18ЕМ үлгүсүндөгү эки даана аңчылык куралы жана үч ок табылган. Башкаларды издөө уланып жатат.