08:36, 08 августа 2018, 24.kg

Талас жайлоосундагы өрт дээрлик өчүрүлдү

Таластагы Алмалуу жайлоосунда, чек арадагы аймакта чыккан өрттүн Казакстан тарабы өчүрүлдү. Аны өчүрүүгө казак тараптан 150дөй адис жана бир тик учма тартылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аймагында 1000 гектар жердин күйүп жатканын билдирген. Өрт үч жолу өчүрүлгөнүнө карабай, кайра тутанып кеткен. Буга казак тараптан (батыш) соккон шамал себеп болуп жатканы айтылган.

28-июлда башталган тилсиз жоого каршы Талас облусунун бир канча районунун өрткө каршы кызматтары катышууда. Аларга милициянын, токой чарбасынын, техникалык лицейдин кызматкерлери, жергиликтүү тургундар да кошулган.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18