15:56, 07 августа 2018, 24.kg

Бурулай Турдалиеванын денесинен жазуулар табылган жок

Жайыл РИИБнын кеңсесинде каза болгон Бурулай Турдалиеванын денесинен жазуулар табылган жок. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын атасы Турдалы Кожоналиев билдирди.

Анын айтымында, экинчи жолу өткөрүлгөн экспертиза биринчи экспертизанын жыйынтыгына окшош чыкты.

«Мен эми кимге кайрыларымды билбей турам. Менде кызымдын денесинде Н+Б деп жазылган сүрөтү бар. Бүгүн ИИМдин башчысына барып жолугалык дегенбиз, бирок менин жактоочуларымдын колу бошобой калды», — деди Турдалы Кожоналиев.

Чүй ОИИБсы экспертизанын жыйынтыгын тастыктады. Анын денесиндеги тактар калыбына келтирип жатканда пайда болгон.

Эске салсак, Бурулай кыз ала качуу окуясынын курмандыгы болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18