Кыргызстанда курал-жарак саткан дүкөндөр убактылуу жабылат
10-августтан тартып сентябрга чейин Кыргызстандагы курал-жарак дүкөндөрүн убактылуу жабуу аракети башталат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги «Азаттыкка» билдирди.
Бул чечим быйыл сентябрда Ысык-Көлдө боло турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги саммити менен байланыштуу. Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8- сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин 3-сентябрда Чолпон-Атада өткөрүү белгиленген.
Маалыматка караганда, оюндарда жана саммитте коопсуздукту камсыз кылуу максатында мергенчилердин колундагы куралдар да убактылуу алынмакчы.
Мындан тышкары, ИИМ таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз эрки менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү демилгесин көтөрдү. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын мекеме дагы бир сыйра эскертти.