08:45, 07 августа 2018, 24.kg

Сапар Исаков опузалоо боюнча Башкы прокуратурага кайрылды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков опузалоого кабылганын айтып, аны иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Исаковдун арызы Башкы көзөмөл органына 6-августта жиберилди.

Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери опузалаган фактыны текшерүүнү суранды.

Эң кызыгы, бул иштин баары адвокаттын катышуусу жок болуп жатат. Мыйзам боюнча адвокатсыз эч кандай тергөө иштери жүрбөш керек эле. Исаков ушул фактыны текшерип берүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды.

Буга чейин абактагы мурдагы премьердин адвокаты Нурбек Токтакунов «аны УКМКнын кызматкери опузалап жатат» деп жарыялаган.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталып, быйыл 5-июнда камакка алынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18