Тажикстанда мобилдик компания 5,5 млн доллар айып пул төлөөгө милдеттендирилди
Тажикстан Жогорку экономикалык соту «Билайн» мобилдик компаниясы менен Салык комитетинин ортосундагы талашта акыркысынын пайдасына чечим чыгарды. Буга чейин мобилдик оператор салык мекемесинин айыппулдарын өтө жогору деп эсептеп, сотко доо арыз менен кайрылган.
Салык комитети «Билайн-Тажикстан» бренди менен иштеген «Таком» компаниясын текшерип, салык төлөөдөн качуу фактларын аныктап, 51 млн 144 миң сомони (5,5 млн доллар) айыппул салган.
Былтыр январь айынын соңунда «Таком» компаниясы салык иретинде тажик өкмөтүнө 18,9 миллион доллар карыз экени кабарланган.