16:14, 06 августа 2018, 24.kg

Казакстанда түрмөдөгү кыйноолор боюнча сот өкүмү чыкты

Караганда облусунда абакта адам өлүмүнө алып келген кыйноолорду уюштурууга айыпталган кишилер түрмөгө кесилди.

Шахтинск шаардык соту АК-159/6 абагынын башчысынын жардамчысы Баурбек Шотаев менен АК-159/7 колониясынын ыкчам бөлүмүнүн кызматкери Виталий Зарецкий жети жылга эркинен ажыратылды. Алар кылмыш уюштуруу, адам өлүмүнө алып келген физикалык жана психикалык зыян келтирүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

2017-жылы 11-мартта акчам бөлүмдүн кызматкери Виталий Зарецкий камактагы Валерий Чупинди башка бөлүмгө которуп, аны жазалоону буюрган. Тергөө материалдарына караганда, түрмөдө отургандар Чупкинди сабап, денесине ток тарттырышкан. Ал оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген жана кийинки күнү көз жумган.

Камактагы топтун башчысы Тимур Кирбаев адам өлүмүнө алып келген физикалык жана психикалык зыян келтирүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга кесилди. Абактагы дагы беш киши — Евгений Флотский, Дмитрий Крушинский, Николай Тюков, Максим Коваль жана Куанышбек Жарасбаевдин ар бири жети жылдан эркинен ажыратылды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18