Орусия АКШ товарлары үчүн импорттук алымдарды көбөйттү
5-августтан тарта Орусия АКШнын бир катар товарларына карата импорттук алым киргизди. «Прайм» агенттиги билдиргендей, муну менен Москва Вашингтондун буга чейин болот жана алюминийге карата пошлина киргизүүсүнө жооп берди.
Орусиялык экспортчулар үчүн америкалык товарларга киргизилген чектөөнүн зыяндары 540 миллион доллар деп бааланууда. Орусиялык кошумча пошиналардын жылдык көлөмү азырынча 88 миллион доллар.