11:01, 06 августа 2018, 24.kg

Кыргызстандык Юлия Фернас Казакстанда өткөн триатлон боюнча чемпионатта жеңди

Кыргызстандык Юлия Фернас Казакстанда өткөн триатлон боюнча чемпионатта жеңүүчү аталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган иш чарага Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Түштүк Кореядан келишкен 190 спортчу катышты. Алар 1 миң 500 метр аралыкта сүзүп, 40 чакырым аралыкты велосипед менен басып өтүп, 10 чакырым аралыкта чуркоосу керек болчу.

Юлия Фернас баардык сынактарды 2 саат 28 мүнөт 21 секундда басып өтүп, жеңүүчү аталды.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18