10:48, 06 августа 2018, 24.kg

Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталды

Бишкек-Ош унаа жолунда 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 2 киши жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, Оштон Бишкекти көздөй келе жаткан МАН үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган. Натыйжада унаа чиркелишип бара жаткан Mercedes-Benz үлгүлөрүндөгү 2 кичи автобусту сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 2 кичи автобустун айдоочулары жаракат алып, ооруканага кайрылышкан.

Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18