2018-жылдын аягына чейин өлкөнүн бардык мектептери Интернетке кошулат
2018-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык мектептери Интернетке кошулат. Бул тууралуу 3-августта өткөн өкмөт жыйынында белгилүү болду.
Мектептерди дүйнөлүк түйүнгө кошуу милдеттенмесин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети моюнуна алды. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы окуу жылдын башына чейин өлкөнүн ичиндеги мектептердин 80 пайызына Интернет желеси тартылсын, ал эми 31-декабрга чейин 100 пайыз мектептерде Интернет пайда болсун деп тийиштүү органдарга тапшырма берди.
3-августта өкмөттө жыйын болуп, анда окуу жайлардын жаңы окуу жылына даярдыгы жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү тууралуу маселелер каралды.