Тажикстанда быйыл 17 банк кызматкери жоопкерчиликке тартылды
Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө быйыл 17 банк кызматкери жоопкерчиликке тартылганын билдирди. Алардын көбүнө насыя документтерин жасалмалоо жана банк акчаларын уурдоо айыптары тагылган.
Улуттук банктын насыялоо бөлүмүнүн жетекчиси Навруз Валиевдин айтымында, айыпталуучулардын 14ү «Агроинвестбанктын» Согди облусундагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы кызматкерлери.
Мындан тышкары «Имон Интернешнл» насыя уюмунун бир жумушчусу өлкөдө тыюу салынган партия өкүлдөрүнүн акчаларына байланыштуу мыйзамсыз операцияларды жасаган деп айыпталып, ага каршы экстремизмге чакыруу беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Учурда укук коргоо органдары бул фактылар боюнча тергөө иштерин улантышууда.