15:43, 03 августа 2018, 24.kg

Муфтият: Мечит жана медреселерде өрткө каршы машыгуулар өтөт

Кыргызстандын баардык аймактарында мечит жана медреселерде өрткө каршы машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Аталган буйрукка муфтий Максатбек Токтомушев кол коюп, машыгууларды өткөрүү боюнча тапшырма берди. Анда өрттү болтурбоо үчүн кургак жайлардын айланасын тазалоо, өрт өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз кирүүсүнө шарт түзүү, керектүү жабдыктардын болуусун камсыздоо жана ыктыярдуу кошуундарды түзүү тапшырмасы каралган.

2018-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкектеги Махатма Ганди жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечитте тилсиз жоо катталган. Анда электр жабдыктарынын тиешелүү коопсуздук эрежелери сакталбагандыгы кырсыкка себепкер болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18