Ош аба майданындагы күтүү залы 1500 чарчы метрге кеңейтилди
Ош аба майданындагы күтүү залы 1500 чарчы метрге кеңейтилди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, кошумча имаратты куруу аркылуу кеңейткен долбоор 2017-жылы башталган. Натыйжада аэровокзал бекетинин аянты 9250 чарчы метрге жетти. Бул саатына 600дөй жүргүнчүнү тейлөөгө мүмкүндүк түзөт.
Билдирүүлөргө таянсак, Ош эл аралык аба майданы жылына 9 миңдей каттамды, бир миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт.