11:47, 03 августа 2018, 24.kg

АКШда учакты айдап качууга аракет жасаган жаран колго түштү

АКШнын Арканзас штатында 18 жаштагы Цемаркус Девон Скотт жүргүнчүлөрдү ташуучу реактивдүү учакты айдап качууга аракет жасаган. Бул тууралуу The New York Post басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учакты адап качууга бараткан баланы полиция байкап калып, аркасынан куушкан. Бала учакка чуркап жетип, кабинасына киргенге үлгүргөн. Девон Скотт учкучтардын кабинасынан камакка алынды.

Алдын ала алынган маалыматка таянсак, кылмышка шектүү башка штатта өтүп жаткан рэп-концертке жетишүү үчүн учакты айдап качууга ниеттенген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18