10:22, 03 августа 2018, 24.kg

Аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан тамеки продукциялары табылды

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматы аткезчилик жолу менен ташылып бара жаткан тамеки продукцияларын таап чыгышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 1-августта Аламүдүн районундагы «Ак-Жол-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунан Neoplan 116 Citiliner автобусу акциздик маркасы жок тамеки продукциясын алып өтүүгө аракет кылган. Текшерүү маалында тамеки салынган 75 куту табылды. Анда 50 миңге жакын тамеки кутулары салынган.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, келтирилген чыгым 1 миллион сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18