09:33, 03 августа 2018, 24.kg

Москва шаарында кыргызстандык 21 жаштагы жигит каза болду

Москва шаарында кыргызстандык 21 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралуу Москвадагы кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү билдирди.

Маалыматка таянсак, Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун 1997-жылы туулган тургуну Алибек сууга секиргенде башы менен түшүп, мойнунан жаракат алган. Тез жардам кызматы аны ооруканага жеткирген, бирок ал операцияга жетпей каза болгон.

Алдын ала алынган маалыматка караганда, каза болгон жарандын апасы менен эжеси гана бар. Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө жардам берүүнү каалагандар +79251231013 телефон номуруна байланышса болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18