08:42, 03 августа 2018, 24.kg

Ашхабадда мугалимдер көчө шыпырууда

Ашхабадда мектеп мугалимдерин жапырт түрдө көчө тазалоо иштерине тартуу уланууда.

Жергиликтүү байкоочу Аманмырат Бугаевдин билдиришинче, 45 күндүк эс алуудан келген мугалимдер күн чыккандан саат 10-11лерге чейин мектептин айланасындагы көчөлөрдү шыпырып, шаардын сейил бактарында чөптөрдү жулуп жатышат.

«Мектепке жакын жерде сейил бактар бар. Андагы чөптөрдү жулдуруп, көчөлөрдү шыпыртып жатышат. Күн ысый баштаганда мектепге кайтып, телефон аркылуу ата-энелерге быйыл жаңы мектеп формасы киргизилгенин эскертишүүдө», — деди Аманмырат Бугаев.

Аманмырат Бугаев көчө шыпыруу үчүн мугалимдерге кошумча акча төлөнбөй турганын кошумчалады. Анын айтымында, июлдун ортосунан тарта көчө шыпырууга чыккан муглалимдер эми окуу жылы башталганга чейин ушундай иштерди аткарышат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18