Казакстанда мунай уурдоого айыпталган 26 киши соттолду
Актөбөдө 2-август күнү мунай уурдоого айыпталган 26 кишиге карата сот өкүмү чыкты.
Сот экөөнүн тең мүлкүн мамлекеттин карамагына алуу боюнча токтом чыгарды.
Спорт меценаты, биринчи топтун майыбы, 51 жаштагы Еркин Избасарды бийлик кылмыштуу топ түзүүгө айыптоодо. Прокурорлор аны 15 жылга түрмөгө кесүүнү сурашкан. Сот жараяны учурунда Еркин Избасар айыптоолорду четке кагып, абакта кыйноолорго кабылганын билдирди.
Соттолуучулар арасында облустук ички иштер департамент башчысынын мурунку орун басары Рахат Аханов да бар.
Кылмыш ишинин башка фигуранттары үч жылдан он бир жылга чейин түрмөгө кесилди.
Сот материалдары боюнча кылмыштуу топ «Сагиз Петролеум» компаниясына таандык Каганай кенинен 2015-жылы 530 тонна мунай уурдаган. Уурдалган мунайдын наркы 11 миллион 302 миң теңге экендиги айтылган. Мындан тышкары «Ашыккөл», «Каратөбө», «Синельниковское» кендеринде дагы мунай уурдалган.
Мунай уурдоого шектелгендердин кармалгандыгы тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети 2016-жылы 7-декабрда билдирген. Атайын операциянын жүрүшүндө мунай жана мунай өнүмдөрү жүктөлгөн автоцистерналардын алынгандыгы кабарланган. Коопсуздук комитети кармалгандардын арасында «салафи агымын тутунгандар» бар экенин билдирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар мунай уурдагандарды калкалап келишкен.