Иран Тажикстан элчилигине каршылык нотасын тапшырды
Тажикстандын Ирандагы элчилигине Тегеран каршылык нотасын тапшырды. Буга тажик бийлигинин чет өлкөлүк туристтерге кол салуунун артында Ирандын изи бар экенин айтканы себеп болду. Тегеран бул билдирүүлөрдү негизсиз деп атады.
29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган.
«Ислам кайра жаралуу партиясы» бул айыптоолорду четке кагып, кол салууну айыптай турганын жарыялаган.