10:40, 02 августа 2018, 24.kg

Ашхабад аэропортунда алдамчылар көбөйдү

Ашхабад аэропортунда чет өлкөлүк каттамдарга коё берилбеген жүргүнчүлөрдү алдоо учурлары көбөйдү.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, шылуундар Түркияга жол тарткан алты кишини алдап, алардын документтерин жана 600 долларын алып качып кетишкен.

Акчасынан жана документеринен ажыраган Болдумсаз районунун жашоочусу аэропорт полициясына кайрылган. Кызматкерлер жабырлануучунун аты-жөнүн каттап, шылуундар табылса, байланышка чыгууга убада беришкен.

Өз булактар айрым алдамчылар Ашхабад аэропортунун коопсуздук жана миграция кызматы менен биргеликте иш алып барышарын айтышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18