Казакстанда облустук кеңештин мурдагы депутаты беш жылга шарттуу кесилди
1-августта Орол шаардык соту Батыш Казакстан облустук кеңешинин мурдагы депутаты Кайдар Кошановду беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.
Тoyota Land Cruiser 200 унаасынын рулунда Кайдар Кошанов отурган. Жол кырсыгынан «Лада» унаасынын 22 жаштагы айдоочусу Вячеслав Лопухин менен 63 жаштагы апасы Надежда Кондрашкина каза тапкан. «Ауди» унаасынын айдоочусу жаракат алган.