Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды
«Азаттыктын» иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди.
Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы толук жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек.