Москвада лифтте кызга асылган өзбек мигранты кармалды
Орусияда полиция лифтте 29 жаштагы кызга асылды делген 35 жаштагы өзбекстандык жаранды кармады. Бул тууралуу «Москва» агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.
Окуя 29-июлда Москванын чыгышында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.
Даттануу түшкөн жерге келген полициянын ыкчам тобу мигрантты кармап кетти. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.