Тажикстанда ичүүчү суунун баасы көтөрүлбөйт
Тажик бийлиги ата-мекендик өндүрүштөгү ичүүчү сууга карата акциздик салык жаңылыштыктан улам жогорулатылганын билдирди. Өкмөттүн газдалган жана жөнөкөй суу үчүн акциз салыгын көбөйтүү тууралуу 9-июндагы токтому импорттолгон сууларга гана тиешелүү болчу.
Токтомду Каржы министрлиги демилгелеп, анын текстин дагы мекеменин кызматкерлери даярдашкан.
Өкмөттүн 9-июндагы токтомуна ылайык, башка акциздик товарлар менен катар эле минералдык, газдалган жана газдалбаган, кант кошулган жана кошулбаган сууларга акциз салыгын бир литри үчүн 0,02 евродон 0,06 еврого чейин жогорулатуу каралган.
Өлкөнүн Каржы министрлигинин алдындагы Салык саясаты департаментинен токтомдо ата-мекендик өндүрүштү колдоо максатында бөтөлкөлөргө куюлуп импорттолгон сууларга гана акциз салыгын жогорулатуу каралаганын билдиришти.
«Азыр өкмөттүн тапшырмасы менен биз токтомдун текстин оңдоп жатабыз», — деп билдирди мекемедеги булак.