13:48, 01 августа 2018, 24.kg

Өзбекстан экстремисттик маалыматтарды камтыган сайттарга бөгөт коет

Өзбекстан экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган сайттарга расмий бөгөт кое баштайт. Мындай чаралар каралган мыйзамга өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кечээ кол койду. Документ расмий жарыялангандан үч айдан кийин күчүнө кирет.

«Экстремисттик уюмдардын материалдары, белгилери жана атрибутикалары белгиленген тартип боюнча өчүрүлүп же жок кылынышы керек. Эгер өчүрүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда жарандардын аларга жетүү мүмкүндүктөрү чектелет», — деп жазылган мыйзамда.

«Экстремисттик ишмердүүлүккө катышуудан өз эрки менен баш тартып, бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаган адамдар мыйзам боюнча жоопкерчиликтен бошотулат», — деп белгиленген мыйзамда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18