Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылды
Соттолгон мурунку депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ЖАМКтан билдиришти.
«Буга чейин депутаттык комиссия анын ооруканага муктаждыгы бар экендигин жазып чыгышкан. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин мурунку депутатты стационардык негизде дарылоону чечишти», -деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев жемкорлукка айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган.