Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандары салык төлөшкөн эмес
Мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин туугандары салык төлөшкөн эмес. «Ачык бюджет» порталында мурунку аткаминердин баласы Жантөрө уулу Кубатка тиешелүү Corporation DNK-KG компаниясынын төлөгөн салыгы тууралуу маалымат жазылган эмес.
Жантөрө уулу Кубат Сапар Исаковдун жарлыгы менен 2017-жылдын 4-октябрында мамлекеттик сатып алуулар системасын изилдөө жана реформалоо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу тобунун курамына кирген. Анын YouТubeда өзүнө тиешелүү каналы бар.
Экс-премьер-министрдин жубайы Канышай Смадиярова ЛТЖ-ЭКЮ ЖЧК, «ЭССО» ЖЧК, «Скон» ЖЧК жана «Сак-Бол» камсыздандыруу компаниясынын негиздөөчүсү катары катталган. «ЭССО» ЖЧКнын дагы бир негиздөөчүсү катары Жантөрө Сатыбалдиевдин бир тууганы Сатыбалдиев Искендербек Жолдошевич катталган. Аталган компаниялар дагы салык төлөшкөн эмес.