Тажикстанда беш кабаттан төмөн турак-жай курууга тыюу салынды
Тажикстан бийлиги калктуу конуштарда, ошондой эле шаарлар менен райондордун административдик борборлорунун негизги көчөлөрүндө курулган үйлөр беш кабаттан төмөн болбошу керек деген чечим кабыл алды.
Өлкөнүн Архитектура жана курулуш комитети жергиликтүү долбоорчулар беш кабаттан төмөн болбогон бир канча турак жайдын үлгүсүн даярдап коюшканын билдирди. Мекемеден аларды көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат алган курулуш компаниялары менен ишканалар пайдаланса болорун белгилешти.
Бирок бийликтин бул демилгесине элдин көбү нааразылыгын билдирип, алар үчүн бул чоң чыгым экенин айтышууда. Эл арасында чатырды толук алмаштыруу үчүн материалдын сапатына жана иштин көлөмүнө жарашы орточо эсеп менен 15 миңден 30 миң сомониге чейинки (1600-3200 доллар) сумма талап кылына турганы айтылууда.