Бишкекте конвойдун жоокери сот имаратында өзүн атып алды
Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратындагы дааратканада конвой өзүн атып алды. Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз борбору «Азаттыкка» ырастады.
Катардагы жоокер алган жараатынан улам «Тез жардам» келгенге чейин жан берген. Окуя болгон жерде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери иштеп жатышат.