17:14, 31 июля 2018, 24.kg

Милиция көчмө пунктуна 171 киши кайрылды

Милиция көчмө пунктуна 171 киши кайрылды. Аларга укук коргоо органдарынын кызматкерлери маалыматтык колдоо көрсөтүштү. Бул тууралуу Чүй ОИИББдан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган аймакта 5-июлдан баштап 2 көчмө пункт иштеп жатат. Жардам сурагандардын ичинде чет элдик туристтер дагы бар.

«21-июлда Бишкек-Торугарт унаа жолунда тартип сакчылары айдоочунун өмүрүн сактап калышты. Аларга айдоочунун аялы кайрылып, жолдошу эстен танып жатканын билдирген. Милиция окуяны дароо жакынкы ИИБга билдирип, аны Кант шаарындагы аймактык ооруканага жеткиришкен», -деп жазылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18