16:01, 31 июля 2018, 24.kg

Кыргызстандык окуучулар физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утушту

Кыргызстандык мектеп окуучулары Португалияда өткөн физика боюнча эл аралык олимпиадада коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 

Photo 81579

Маалыматка караганда, олимпиадага 87 өлкөнүн окуучулары катышты. Кыргызстандын атынан Нурдөөлөт Өмүралиев («Силкроуд» мектеби, Бишкек шаары), Азамат Мырзабеков (Кыргыз-Түрк лицейи, Каракол шаары), Ырыскелди Анарбеков (Е.Якир атындагы лицей мектеби Бишкек шаары), Артур Садиков («Силкроуд», Бишкек шаары) жана Азамат Абыкеев (Кыргыз-Түрк лицейи, Талас облусу) катышты.

Эки турдун жыйынтыгында Азамат Мырзабеков менен Нурдөөлөт Өмүралиев коло медаль жеңип алышты.

Эскерте кетсек, аталган министрлик окуучулардын жол киресин төлөп берген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18