10:49, 31 июля 2018, 24.kg

«Республика-Ата Журт» фракциясы мэрдик кызматка талапкер көрсөтө элек

«Республика — Ата Журт» фракциясы мэрдик кызматка талапкер көрсөтөбү же жокпу, азырынча анык боло элек. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине фракциянын лидери Гүлнара Молдобаева билдирди.

«Фракция акыркы чечимди кабыл ала элек. Бүгүн отурум болот, бирок талапкерди көрсөтпөйбүз», — деди ал.

Ал буга чейин ЖМКларда жазылган маалымат боюнча кечээ «Республики — Ата Журт» фракциясынын депутаттары Азиз Суракматов менен кезигишкенин тастыктаган жок.

Эске салсак, 26-июлда шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы мэрдик кызматка Азиз Суракматовдун талапкерлигин көрсөтүшкөн. Шайлоо 8-августта өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18