Башкы прокуратура Данияр Үсөнов тууралуу түшүндүрмө берди
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларусь Республикасында качып жүргөн мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов тууралуу түшүндүрмө берди.
Ушул жылдын 6-мартында Беларусь Республикасынын Башкы прокуратурасы жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш ишине тиешелүү укуктук жардам жана мамиле тууралуу Конвенциянын беренелерине шилтеме берүү менен өтүнүчтү аткаруудан баш тарткан.
Эске салсак, Данияр Үсөнов 2010-жылдагы 7-апрель окуялары боюнча сырттан соттолгон. Ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.