Нарында психикалык жактан жабыркаган жаранга айдоочулук күбөлүк берилген
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы психикалык жактан жабыркаган жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендиги тууралуу фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын октябрында Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери менен унаа каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин жооптуу кызматкерлери Чаек айылынын тургунуна BC категориясындагы айдоочулук күбөлүк беришкен.