Өзбекстан жеке мектептерди ачууга кызыктар
Өзбекстан Элдик билим берүү министрлиги өлкөдө жалпы билим берүүчү жеке мектептерди ачуу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду чакырууда.
Өзбекстан Элдик билим берүү министрлиги жеке мектептер үчүн инвестиция жумшоого жана инвесторлорду коргоого багытталган нормативдик-укуктук актлардын долбоорун даярдоодо.
«Жеке мектептер секторундагы көп түрдүүлүк жана атаандаштык билим берүү системасына позитивдүү таасир берет деп ишенебиз. Эл аралык мектептерди жогорку сапаттагы билим берүүгө багытталган бардык бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга чакырабыз», —деди элдик билим берүү министри Шерзод Шерматов.