16:24, 30 июля 2018, 24.kg

«Сары кыздын тою». «Өрүк-Фест 2018» фестивалынан көз ирмемдер

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында үчүнчү жолу «Өрүк-Фест 2018» фестивалы өттү. Облус аймагында 3 миң гектар жерде өрүк өсөт. Жылына 9 миң тонна түшүм жыйналат. Айылдыктар аталган мөмө бышкан кезди «сары кыздын тою» деп коюшат.

«Шайыр апалар» тобунун мүчөсү Керимкан Кудайбергенова иш-чарага катышуу үчүн Кичи-Жаргылчак айылынан өкүл катары келген. Жашы 70ке таяп калса дагы жаштардан кем калышпай фестивалда созолонто ырдады. Мында келген ар бир айылдын өкүлү айылындагы мөмө-жемиштерди мактап жар салышты. Анда өрүктөн сырткары алмурут, карагат, алма, кара өрүк дагы даңкталды.

Элеттиктердин айтымында, иш-чарага көптөн бери даярдык көрүшкөн. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата айыл жерлериндеги чакан бизнестерди өнүктүрүү, табигый таза мөмө-жемиштерди таанытуу, экспортто-фестивалдын башкы максаты болду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18