Түркмөнстанда дары-дармектер тартыш болуп, кайрадан кымбаттады
Түркмөнстанда дары-дармектер тартыш болуп, кайрадан кымбаттады. «Азаттыктын» түркмөн кызматы маалымдагандай, бир жолу колдонулуучу шприцтер жана башка медициналык каражаттардын баасы көтөрүлдү. Мамлекеттик дарыканаларда баалар бир аз төмөн, бирок дары-дармектердин түрлөрү чектелүү.
Чет өлкөдөн келген препараттар менен бирге жергиликтүү фармакологиялык ишканалардын өнүмдөрүнүн наркы дагы өстү.
Буга чейин дары-дармектердин баасы быйыл май айында жогорулаган. Түркмөнстандын түндүгүндө алардын наркы үч эсеге чейин кымбаттаган.