17:50, 27 июля 2018, 24.kg

Куткаруучулар акы албайт. ӨКМ WhatsАpp тиркемесиндеги маалыматты төгүндөйт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кызматы үчүн акы албайт. Бул тууралуу мекеме расмий билдирүү таркатты.

Министрлик WhatsАpp мессенджери аркылуу таркатылып жаткан маалыматы четке какты.

«Ыссык-Көлдө суучулдар сууда жүргөн элдерди суунун астынан тартып кетип атайлап эле чөктүрүп өлтүрүп ташка байлап коюшат, издетип жалдаганда саатына өтө көп суммадагы акча алышат, муну Ыссык Көлдүктөр өздөрү айтып жүрүшөт.Кыргыздар ансыз деле азбыз эки айдын ичинде 300 адам чөгүп өлдү анын 72си жаш балдар» деген маалымат таркатылууда, бул чындыкка дал келбейт", — дейт ӨКМ.

Министрликти элди дүрбөлөңгө салган маалымат боюнча укук коргоо органдарына кайрылмакчы.

ӨКМнын маалыматында, жай мезгилинде сууга 59 адам чөксө, анын ичинен 18си жаш балдар. Ысык-Көл облусунда 9 адам чөккөн, анын ичинен 2 — жаш бала.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18