14:45, 27 июля 2018, 24.kg

Райымбек Матраимов дарыланып жатканда жумуштан алынган

Биринчи май райондук соту бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун доо арызы боюнча чечимин түшүндүрдү.

Соттун айтымында, Райымбек Матраимовду кызматтан алууда өкмөт бир нече ката кетирген. Бажы кызматынын төрагасынын орун басарын жүйөөсүз, кызматтык иликтөө жүргүзбөй туруп иштен кетирген.

«Анын үстүнө Райымбек Матраимов 21-29-ноябрда дарыланып жаткан. Бажы кызматынын төрагасы дагы орун басарын кызматтан алуу боюнча көрсөтмө жөнөткөн эмес», — дейт сот.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовдун доосун канааттандырып, аны кайра кызматка алуу чечимин чыгарган.

Өкмөт соттун чечими боюнча жогорку инстанцияларга даттанмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18