14:40, 27 июля 2018, 24.kg

Орусия Кубанычбек Кулматовдун орус жарандыгы боюнча жооп берди

Орусия Кубанычбек Кулматовдо орус жарандыгы жоктугун белгилейт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын элчиги бажы кызматынын мурдакы башчысынын жарандыгы боюнча расмий жооп берди.

«Бул маалыматты тергөө атайын жаап жашырышып жаткан. Анткени, Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасын кароодо анын жарандыгына байланыштуу маселе башкы себеп болгон. Эми биз анын үй камагына чыгарылышын талап кылабыз», — деди ал.

Photo 81239

 

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдакы төрагасы Кубанычбек Кулматовго жемкорлук беренеси (303-берене) менен козголгон иштин алкагында айып тагылган. Тергөөнүн билдирүүсүндө, 2014-жылы Бишкек шаарын жетектеген кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз чыгымдаган.

Белгилей кетсек, Бишкек жылуулук борборун модернизациялаган ТВЕА ишканасы Калыс-Ордого мектеп курууга 2 миллион доллар бөлгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18