10:16, 27 июля 2018, 24.kg

Телефонду каттоого 100 сом. Токтом долбоор мыйзамдарга каршы келет

Өкмөттүн уюлдук телефондордун IMEI-кодун каттоодо акы алуу боюнча токтому өлкөнүн мыйзамдарына каршы келет. Бул тууралуу «Адилет» укуктук клиникасынын кайрылуусунда айтылат.

Клиниканын юристтери Мамлекеттик байланыш комитетинин телефонду каттоо үчүн 100 сом төлөө сунушун иликтеп көрүшүп, токтомдо жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч туудурган жагдайлар бар экенин айтышат.

«Токтомдун долбоорун кабыл алуудан мурда сунушталып жаткан кызматты мамлекеттик кызматтын жалпы реестрине киргизүү керек. Андан кийин тийиштүү актыларды иштеп чыгуу зарыл», — деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, өкмөттүн билдирүүсүндө, телефондордун IMEI-кодун каттоо акысы жеке ишкерден алынат. Бирок, коомчулук бул демилге уюлдук телефондордун баасы кымбаттап кетишине кабатыр. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18