09:28, 27 июля 2018, 24.kg

Казакстан Орусиянын айрым аймактарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизди

Казакстан Айыл чарба министрлиги 26-июлда Орлов, Ростов жана Нижегород облустарынан куш өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизди. Министрлик бул кадамын аталган аймактарда «жогору патогендүү куш тумоосунун» тарашы менен түшүндүрдү.

Министрлик тараткан маалыматта ветеринардык көзөмөл комитети Казакстанга тирүү тоок, инкубациялык жумуртка, куш мамыгы менен таксидермиялык иштетүүдөн өтпөгөн бардык канаттуу өнүмдөрүн ташууга чектөө киргизгени айтылат.

Мындан тышкары канаттууларга арналган жем жана азык кошулмаларын, таксидермиялык иштетүүдөн өтпөгөн аң уулоо олжолору жана куштарды союуда колдонулуучу жабдууларды алып кирүүгө дагы бөгөт коюлду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18