15:36, 26 июля 2018, 24.kg

Мигранттардын айылы. Туланын жетекчилиги маселени отпускадан кийин карайт

Тула облусунун жетекчилиги Россиянын Клищино айылындагы кырдаал боюнча Россиянын Кыргызстандагы элчигинин кайрылуусун эмгек өргүүсүнөн кийин карайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгү маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, кырдаал элчиликтин дыкат көзөмөлүндө. Элчи Болот Отунбаев акыркы жолу телефон аркылуу облустун жетекчисинин орун басары менен сүйлөшкөн.

«Ал кайрылуу келип түшкөнүн ырастады. Кырдаал боюнча толук маалымат эмгек өргүүдөн кийин жетекчиликке жеткирилерин айтты», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Тула облусунун Заокс районунундагы Клищино айылынан 2017-жылы 400дөй этникалык кыргыз жер сатып алышкан. Алар жер тилкесин «Сотый километр» агентигинен алып, айрымдары үй тургузууга жетишет. Сатып алгандардын жарымы Орусиянын жарандыгына ээ.

6-июль күнү райондук кеңештин депутаттары гленпланга киргизилген өзгөртүүнү жокко чыгарып, Клищино айылындагы жерлерди кайра айыл чарба категориясына которушат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18