09:48, 26 июля 2018, 24.kg

Ош-Баткен-Исфана жолунун куруучуларына төрт айдан бери айлык төлөнбөйт

Баткенде жол куруучу ишкананын жумушчулары бүгүн иш таштады. 40тай адам бир нече айдан бери маянасын ала албай жаткандыгын журналисттерге билдиришти.

Транспорт жана жол министрлиги маселе жакынкы күндөрү чечилерин, куруучу компаниянын эсебине акча которуларын билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 75-108 чакырымын (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейинки бөлүгүн) реконструкциялоо долбоорун Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 21 млн доллар бөлүүгө убада берген.

2017-жылдын 11-майында Транспорт жана жол министрлиги менен «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» (Азербайжан) компаниясынын ортосунда курулуш иштерин аткарууга 18 млн долларлык келишимге кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18