09:12, 26 июля 2018, 24.kg

Орусияда аймактарда орус тилин сактоону көздөгөн мыйзам долбоор кабыл алынды

25-июлда Орусиянын Мамлекеттик думасы эне тилдерди окутуу тууралуу мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды. Документти колдоп 388, каршы 2 депутат добуш берди.

Эгер мыйзамды парламенттин жогорку палатасы колдоп, президент кол койсо, анда Орусиянын улуттук аймактары менен республикаларында түпкүлүктүү улуттун тилин милдеттүү окутуу тартиби жоюлат.

Орус президентинин бул нускоосу ошол аймактардын мектептеринде түпкүлүктүү улуттун тилдерин милдеттүү окуткан класстардын жоюлушуна алып барган.

Бул өз кезегинде орус тили менен катар жергиликтүү тилдер да расмий макамга ээ болгон Түндүк Кавказда, Волга чөлкөмүндө, Сибирь менен Ыраакы Чыгыштагы улуттук аймактар менен республикаларда нааразылыктарды жараткан.

10-апрелде мыйзам долбоору Мамдуманын кароосуна келип түшкөндөн кийин «Мектептерде эне тилдерди милдеттүү түрдө окутуу тартибинин сакталышы үчүн» деп аталган демилгечи топ Change.org сайтына петиция жайгаштырган. Анын авторлору Владимир Путинге кайрылып, мектептерде эне тилдерди милдеттүү окутуу тартибинин жоюлушуна жол бербөөсүн талап кылышкан.

Мамдума мыйзам долбоорду биринчи окууда 19-июнда, экинчи окууда 24-июлда кабыл алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18